Logo
Return to blog

Жалпак-Таш жери жөнүндө

July 13, 2026

Илгери бир жер жайнаган малы бар Карынбай деген адам ушул жерди жердеген экен. Малынын көптүгүн мындан билиңиз, дарыяга айдап барып сугарганда суу соолуп калчу экен. Өзү болсо сараң, битир болуп, өлгөн малынын этин жеп, адамдарга эч кайрымы тийбейт. Битир зекет берүү дегенди да унутат. Муну Алла Таала билип, нечен жолу эскертет. Карынбай ага кулак кагып да койбойт. Буга Жараткандын ачуусу келип, кара жерге "тарт!" деп буйрук кылыптыр. Жер соруп отуруп кекиртегине келгенде да Жараткандан "жетим, жесирлерге кайыр, садага бересиңби?" дегенине макул болбойт. Ошентип кара жер Карынбайды биротоло тартып кетиптир. Ал эми анын малы кийикке, кою аркарга, эчкиси тоо эчкиге, ую кулжага, жылкысы жабайы жылкыга, эшеги куланга айланып кетет. Кийиздери жалпак таш, жүктөрү жыйылган боюнча таш болуп катат.

All sources

How to enter data?

Anyone can add additional data to the existing database. Please complete the appropriate form.