Дөбө | Төбө
28-август, 2025
«Дѳбѳ» дегенге келели. Кыргызда «дѳбѳ» менен «тѳбѳ» деген сѳздѳрдүн тамыры бир, экѳѳ тең бир эле түшүнүктѳгү сѳздѳр. Илгери аксакалдар айылдагы бийик дѳбѳгѳ олтуруп алып, эл-журттун тѳбѳдѳгү (баштагы, жүрѳктѳгү) маселесин чечкени бекеринен болбосо керек.
“Бийик дѳбѳгѳ чыксаң кѳзүң ачылат, жакшы менен сүйлѳшсѳң кѳңүлүң ачылат” дешкен алар.
Тээ этектеги талаадан мейманчылап келген казактар “Силердин “Тѳбѳңѳр—жайлоо, тѳшүңѳр—кыштоо, тѳрүңѳр—бейиш турбайбы!” деп суктанып кайтышканы бекерине эмес чыгаар.
“Кыргыздын Ала-Тоосу силкингенде казактын талаалары дир этеди” деп казактын тѳкмѳлѳрү ырдагандай, каны бир сѳѳктѳн, жаны бир денеден чыккан казак туугандар дѳбѳсү жок учу-кыйырсыз чѳл талаасын “тѳбѳ” кылгандан уялып, “Тѳбѳңѳр—жайлоо, тѳшүңѳр—кыштоо, тѳрүңѳр—бейиш турбайбы!” деп шилекейин жѳн жерден ирмеген эместир. Маселе мындан да тереңде. Кѳрсѳ бир дарактын кош бутагындай болгон эки элдин дѳбѳсү да, тѳбѳсү да кыргыздар болгонун улуу Шаакерим да, улуу Аалы Токомбай уулу да тынбай айтып, жазып да келишкен.
Кыргыздын карыялары бекеринен:
-Аманыңда балдарым, ар бириң бирден дѳбѳсүң, Күн—тѳбѳңдѳ, Жер—бутуңда турган кезинде жѳн жүрбѳй бирдеме жасап калгыла деп айтышпаган.
Адамды алкаганда:
-Тѳбѳң кѳккѳ жетсин балам!-деген.
Каргаганда:
-О, тѳбѳңдѳн тийгир!-деген.
Жаан басылбай жаап берген күндѳрү:
-Жарыктык асмандын тѳбѳсү түшүп калган бейм,-дешчү.
-Баягы эл сыяктуу элиң жок, баары эле тѳбѳсү түшүп калган кѳргѳ окшоп калыптыр,-дейт.
-Байкап мамиле кылгыла, анын тѳбѳсүндѳ кѳзү бар киши,-дейт. Акылдуу, алдыны кѳрѳ билген, сезимтал, байкагыч киши, абайлап сүйлѳгүлѳ дегени.
Тѳбѳ ыйык болсо, дѳбѳ бийик болгон. Бийик дѳбѳдѳн айыл-кыштак, айлан-тегеректин баары алаканга салгандай даана кѳрүнгѳн. Кыргызда чогулуп, акыл калчай турган ошондой касиеттүү дѳбѳлѳр арбын. Таластагы—Кароол-Чоку, Оштогу—Сулайман Тоо, Сары Ѳзѳн Чүйдѳгү—Байтиктин Басбѳлтѳгү, Ысык-Кѳлдѳгү Кызыл Омпол, Ат-Башыдагы Чеч-Дѳбѳ, Жумгалдагы—Кызарт, Алтайдагы—Үч Сүмѳр ушундай ыйык дѳбѳлѳрдѳн болуп саналат.
Ар бир ѳрѳѳндүн ѳзүнчѳ тѳбѳсү болсо, Кыргыз Жеринин тѳбѳсү—Кетмен Тѳбѳ.
Кыргыз акындарынын тѳбѳсү—Токтогул. Ары жагы Анжыян, бери жагы Арка кыргыздарынын акындарынын баары Кетмен-Тѳбѳгѳ келип, Токтогулду ээрчип, кеп-кеңешин угуп, ѳнѳрүн үйрѳнүп жүрүп кайткандыгы бекеринен болбогон.