Ысык-Көл мифи
25-ноябрь, 2025
Тээ илгери азыркы көлдүн ордуна көздүн жоосун алган өрөөн, тегиз мейкиндик жатыптыр. Гүл аңкыган шиберлүү жайыттарда үйүр-үйүр жылкы, короо-короо кой жайылып, өрөөндө кашкалуу шаар болуп, адамдар өздөрүнүн тиричилигин өткөрчү болуптур. Бул бай өлкөнүн даңкы кыйла элге тарайт.
Бирок ошол элди башкарган ханы өтө көрүнчү эмес экен. Анын жүзүн көргөндөр тек гана хандын чач тарачтары болушат. Алардын бири да хандын чачын алууга баргандан кийин үйүнө кайтпайт экен. Чач тарачтарды хан өлтүрүп жатыптыр деген каншаар угулат. Ошентип, алардын бардыгы бирден өлтүрүлүп отуруп, шаарда жалгыз чачтарач — жаш жигит гана калат. Анын атасы өтүп, энеси экөө эптеп жашап турушчу.
Мезгил келип ага да кезек жетип, хандын буйругу менен анын чачын алууга хандын сарайына жөнөйт. Хандын жигиттери жаш жигитти хандын бөлмөсүнө киргизип коюшат. Кирип барган чач тарач көргөн көзүнө ишенбей таң калгандан төбө чачы тик турат. Көрсө хандын кулактары кудум эшектикиндей экен. Хан ошондон уялып элге көрүнчү эмес. Хан анын акыркы чач тарач экендигин билип, аны өлтүрбөөгө ниет кылып, бирок жаш жигиттин көргөнү жөнүндө эч кимге айтпасын талап кылып, эгер оозунан чыкса эле көргүлүктү көрсөтөрүн эсине салат. Жигит коркконунан ханга ант берип, андан соң чачын алат, хандан белек алып үйүнө аман-эсен кайтат. Ошентип, бир нече жолу хандын чачын алат. Андан белек алып жүрүп үй тиричилигин оңдойт. Бирок жайдары, шайыр жигит күндөн күнгө кабагы бүркөө, суз, маанайы жүрө турган болуп өзгөрүп кетет. Энеси анын себебин билмекчи болуп сыр сурайт, беркиниси дегеле эчтеме айтпайт. Күндөрдүн биринде азаптанып жүргөн уулу энесинен кеңеш сурайт. Хан сарайынан көргөн шумдук аны кыйнаганын бирок ал адам баласына айтпаймын деп ант кылганын, бирөөгө айтып ичиндеги букту чыгарбаса эч болбосун айтат. Энеси аны уккандан соң "эски таш кудукка барып, ошого айтсаң ичиндеги бугуңдан арыласың, жеңилденесиң" — деп кеңеш берет. Энесинин айтуусу боюнча ал кудукка келет да ага эңкейип туруп: "О шумдук! Аллаяр таксыр ханыбыз эшек кулак неме экен! Уктуңбу! кудугум, менин айтканымды? Биздин ханыбыздын кулагы эшектин кулагындай экен!" — деп катуу-катуу кыйкырат.
Кубарган жүзүнө кан жүгүрүп жеңилдей түшөт. Чачтарачтын айткандары жаңырыктап, кудуктун түбү күлдүртөп, кайнап ташыгандай шуулдайт. Күчөгөндөн күчөп отуруп, суу кудуктан алып-ташып оргуган боюнча жөнөйт. Бала качат. Бирок суунун алдында калат. Суу мейкин жайыкты, шаарды тептегиз басып калат. Ошентип, өрөөндүн ордуна көл пайда болот да ал Ысык-Көл аталып калыптыр.

