Logo
Вернуться в блог

Кашка. Жети кашка

19 июня, 2025

Ойрот-жонгорду кыргыздын жерине жолотпой, алдын ала сокку берүү аракети ошол (Супатайдан) чыккан акыл имиш. Супатай кашканын көсөмөлү имиш.
Ч. Айтматов. Кайрылып куштар келгиче.

1582-жылы Сейфи деген түрктүн кол жазмасында «кашка» жөнүндө мындай деген кабар бар: «Кыргыздар адам баргыс тоодо жашайт. Кокустан бир душман кол сала турган болсо, бала-бакыраларын тоонун ичине житирип жиберишет. Өздөрү капыр да эмес, мусулман да эмес. Монголдор менен тектеш. Булар жайчы болот. Жай таш менен күндү жаадырып, ызгаардуу суукка айландырат. Душманынын колу-буту катып калат. Өлүгүн жыгач кутуга салып, жыгачтын башына асып коюшат. Кыргыздарда кан болгон эмес. Башкаруучуларын «кашка» деп аташкан». Бул маалымат Бартольддун чыгармасында. Кашка жөнүндө кыргыздарда мындай маалыматтар бар: 

  1. «Кашка» - жылкынын маңдайындагы тегерек же узунча келген ак жүн чыккан белгиси.
  2. Өтө чыгаан, абдан көрүнүктүү адам. Казактарда да ушул мааниде учурайт. 
  3. Тайманбас, бетке айткан, улуу адамдан көп ийменбеген ургаачы. 
  4. Кыргыздардагы уруунун аты.

Все источники

Похожие статьи

Как внести данные?

Каждый желающий может добавить дополнительные данные к существующей базе. Необходимо заполнить соответствующую форму