Кыз-коргондун мааниси
August 1, 2026
Көркөмдүү жайлоо Середе,
Кенен жайыт Кыз-Коргон.
Кыргыздын жерин коргогон,
Кайраттуу кырк кыз болгон.
Аттарын багып тапташып,
Коркпойбуз деп душмандан,
Кыздар жүргөн антташып.
Кашык каны калгыча,
Кас душман менен кармашып.
Кымыз ичип жайлоодо,
Кырк кыз жүрдү машыгып.
Күчкө кыздар толгуча,ө
Душмандан жүрдү жашынып.
Жок кылышка кыздарды,
Жоолор барды ашыгып.
Кууп түштү Середен,
Душманды кыздар качырып.
Мал багып тоодо жашаган,
Көчмөндүү кыргыз эл болгон.
Душмандан элин коргогон,
Намыстуу кырк кыз болгон.
Атагы чыгып кыздардын,
Айтылып калган Кыз-Коргон.
Илгери болгон көп иштер,
Унутпай элдер жүрүшкөн.
Улуулардан суранып,
Ушулар менин укканым.
Кыз-Коргонду көрөм деп,
Сереге мен да чыкканмын.
