Жууку
December 11, 2025
Гунь менен кыргыздын согушу Нань-Шань тоосу менен Булунгур деген суунун эки арасында болуп, Гунляр кыргыздын падышасын өлтүрүп койгондо, кыргызды бийлеп келе жаткан династиясы8 Усун Орто Азияга ооп келип, Ысык-Көлдүн күн жүрүш башына жакын жерге, азыркы Жуукусуна «Чыгуу» детен калаа салган. Чыгуу Кызыл-Сууда болгон деп Бартольд айтат. Менин пикиримче «Чыгуу» Жууку болсо керек. Арабча «ч» тамгасы жок себептен «ч» ордуна «ж» жазып, «Чыгууну» «жууку» деп бузуп жазган. Чыгуу деген сөз кытайча «жашыл талаа», «жашыл өзөн», «жаки металл» деген сөз. Жана жылуу суу деген сөз. Усунду эски кытай Хаусун деп дагы жазган. Усундун турган жери: Иле, Ысык-Көл, Атбашы, Нарын, Кочкор, Жумгал, Чүй болгон. Бул айтылган жерлерди кытайлар тегиз жана чөптүү, жаандуу, суук болуп, тоолору бүткүлү менен чер токой деген.
